Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Коронавирустан каза болгон 24 медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөндү

20.10.2020 13:07
405
Коронавирустан каза болгон 24 медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөндү


Кыргызстанда 171 медициналык кызматкерге компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 


Анын айтымында, компенсациялык төлөмдөр боюнча иш алып барган комиссиянын кароосуна 1901 документ келип түшкөн, анын ичинен 171 медкызматкерге компенсация төлөнүп берилди.


"200 миң сом өлчөмүндөгү каражат илдетке чалдыккан 147 кызматкерге жана 1 млн сомдон акча каражаты  оорудан каза болгон 24 кызматкердин үй-бүлөсүнө төлөндү. Андан сырткары, 19-октябрда комиссиянын жыйыны болуп, анда дагы 133 медкызматкерге компенсация төлөнүп берилиши каралды. Алардын ичинен, ооругандар – 130 болсо, каза болгондор – 3 кызматкер, - деди Н.Үсөнбаев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн