Ош облусунда коронавирустан каза болгон дарыгер медицина тармагында 36 жыл эмгектенген. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатр дарыгери 59 жаштагы Исмаилов Альберт Жумабекович 2-июнда коронавирус илдетинен каза болгон.
Исмаилов Альберт Жумабекович саламаттыкты сактоо тармагында 36 жыл эмгектенген, өзүнүн ишин мыкты билген баалуу адис, кадырлуу дарыгер болгон.
“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин жалпы жааматы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн