Бугу 20, 2024
Убакыт: 21:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коронавирустан каза болгон дарыгерлерге 1 млн сомдон компенсация төлөнөт

10.04.2020 14:39
4001
Коронавирустан каза болгон дарыгерлерге 1 млн сомдон компенсация төлөнөт


Кызматык милдеттерин аткарууда коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган медициналык кызматкерлерге берилүүчү компенсациянын өлчөмү 200 миң сомду түзөт, ал эми кызматкер каза болгон учурда компенсациянын көлөмү 1 миллион сомду түзөт. Бул туурасында республикалык ыкчам штабдын жыйынынын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди. 

Ал белгилегендей, учурда врачтарга жана медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр берилүүдө. Тийиштүү органдарга финансылык каражаттарды өз мөөнөтүндө жана толук көлөмдө төлөп берүүсү тапшырылды.

Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселе катары медициналык кызматкерлерди коргонуучу костюмдар жана жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо маселеси турду. Коргонуучу каражаттардын жетишсиздиги жана алардын жоктугу тууралуу билдирүүлөрдү эске алуу менен коргонучу каражаттардын келип түшкөн саны жана алар менен медиктердин иш жүзүндө камсыздалышы маселеси тыкыр иликтөөгө алынууда.

«Түзүлгөн жагдай штаб тарабынан да, жарандык коомдун да нааразычылыгын жаратпай койбойт. Биз бул маселени тыкыр иликтеп, тобокелдик зонасында иштеген ар бир дарыгер коргоочу кийим менен камсыз болушун көзөмөлдөйбүз», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин, ошондой эле өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн республикада коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча жүргүзгөн иштери тууралуу маалыматтары угулду. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн