Кулжа 26, 2024
Убакыт: 12:49
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Коронавирустан каза болгон дарыгерлерге компенсация төлөө үчүн 50 млн сом бөлүнөт

06.05.2020 16:37
1014
Коронавирустан каза болгон дарыгерлерге компенсация төлөө үчүн 50 млн сом бөлүнөт

 

COVID-19 инфекциясынан  каза тапкан медицина кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөөгө бюджеттен 50 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

 

Маалыматка ылайык, коронавирус илдетин жугузуп алган жана анын кесепетинен каза тапкан саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине бир жолку акчалай компенсация төлөөгө республикалык бюджеттен 50 млн сом каражат бөлүнөт. Тийиштүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

 

Аталган буйруктун негизинде төмөнкүлөргө бир жолку акчалай компенсация бекитилген:

 

- Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлерине 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө;

 

- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында медициналык жардам көрсөтүү же илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учурунда кызматтык милдеттерин, кесиптик парзын аткарууда COVID-19 вирусун жугузуп алуунун кесепетинен каза болгон саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык жана башка кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө 1 000 000 (бир миллион) сом өлчөмүндө.

 

Бир жолку акчалай компенсацияларды төлөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп,  кызматтык териштирүүнүн негизинде конкреттүү медициналык жана башка кызматкерге тиешелүү компенсация төлөө жөнүндө чечим кабыл алынат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн