Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Коронавирустан эң көп адам өлүмү катталган өлкөлөр (статистика)

20.04.2020 12:49
1053
Коронавирустан эң көп адам өлүмү катталган өлкөлөр (статистика)


Covid-19 деп аталган жаңы коронавирус инфекциясы 31-декабрда Уханда пайда болгондон бери дүйнө жүзүндө миңдеген адамдар каза тапты. Жыл башында бул илдеттин уюгу катары Кытайда курч абал жаралып, жуктургандардын жана каза болгондорун саны боюнча дүйнөнүн сап башында турду. Көп өтпөй коронавирус бүтүндөй планетаны каптап, Кытайдан кийин эле Түштүк Кореяга, Иранга андан соң Италияга жетип, бир топ адамдардын өмүрү кыйылып кетти.


Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан пандемия деп таанылган бул инфекция убакыттын өтүшү менен дүйнөдө кооптуу мүнөзгө айланып, ден соолугу начар жана улгай адамдардын өмүрү үчүн өтө коркунучтуу шарт жаратты. Анткени инфекция адамдарга жугуп ден соолугун алсыратуу менен эле тим болбой, анын өмүрүн сактап калуу үчүн чоң күрөштү жаратат.


Бүгүнкү күндө бүтүндөй жер-шаарында адамдын үшүн алган бул коронавирус кайсы өлкөдө канча кишинин өмүрүн алып кеткендигине саресеп салсак.


Учурда өлгөн адамдардын саны боюнча:


1-орунда АКШ – 235 миң адам жугузуп, 35 миң адам көз жумду;

2-орунда Италия - 175 925 адам жугузуп, 23 227 адам каза тапты;

3-орунда Испания – 191 726 адам жугузуп, 20 043 адам каза тапты;

4-орунда Франция – 112 606 адам жуктуруп, 19 718 көз жумду;

5-орунда Улуу Британия – 114 217 киши жуктурган, каза болгону 15 644;




Ал эми Түркияда 86 306 адам катталып, 2 017 адам көз жумду. Казакстанда болсо 1735 адам жугузуп, 19 адам каза тапты. Өзбекстанда 1565 адам жуктурса, 5 адам каза болгон. Ал эми Кыргызстанда болсо 568 адам катталып, 7 адам көз жумду.

 

Дүйнө жүзү боюнча 185 өлкөдө жалпысынан 2 млн 404 миң 249 адам жуктуруп, 165 миң киши 234 каза тапса, 624 миң 725 адам оорудан сакайган.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн