Бугу 03, 2024
Убакыт: 16:32
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Коронавирустан кийин миллиондогон адамдар туберкулезго чалдыгат, - илимпоздор

11.05.2020 11:30
1848
Коронавирустан кийин миллиондогон адамдар туберкулезго чалдыгат, - илимпоздор


Коронавирустан улам киргизилген дүйнөдөгү чектөөлөр миллиондогон адамдардын туберкулез жуктуруп алуусун алып келүүсү ыктымал. Бул тууралуу америкалык CNBC басылмасы жазып чыкты.


Туберкулезго каршы Stop TB Partnership бирикмесинин билдирүүсүнө караганда, 2020-жылдан 2025-жылга чейинки аралыкта аталган илдетке диагнос коюлбай жана дарылоо жүрбөгөндүгунө байланыштуу 6,3 миллион адам дартты жуктуруп алуусу ыктымал. Ошол эле убакыттын ичинде 1,4 миллион киши инфекциядан каза болот.


Лондондун Avenir Health Империялык  колледжи, Жон Хопкинс университетти жана АКШнын Эл аралык өнүктүүрү агенттигинин изилдөөлөрүнө ылайык, дартка чалдыккандар үч ай изоляцияда дарыланып, он ай аралыгында калыбына келет. Ал эми билдирүүдө дарт чыккан алдынкы үч өлкө (Индия, Кения жана Украина) келтирилип, андан кийин башка аймактарга таркалганы айтылат.


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму туберкулезду “эң жугуштуу, өлүмгө алып келген оору” деп, бул илдетти жылына 10 миллион адам жуктуруп, 1,5 миллион киши каза болот деп тапкан. Туберкулез бактериялардан улам пайда болот жана бул дарт өпкөнү сезгентет. Бирок ошол эле учурда антибиотиктер менен дарыланат. Оору менен күрөшүүнүн жолу адамдардан тест алуу жана болушунча көп адамдарды андан өткөрүү дарылоонун эффективдүү түрү болуп саналат.


COVID-19 инфекциясы көптөгөн өлкөлөрдүн жабуулусу миллондогон адамдардын жашоосуна таасир этип, кыймылдарды чектөөсүнө алып келген. Буга чейинки туберкулез менен күрөшүүдө Stop TB Partnership тарабынан жетилген көрсөткүчтөрдү кайтарып келүү үчүн, кошумча чараларды көрүп жана диагнозу жок элдердин чогулуусун болтурбоо үчүн кошумча ресурстарга ээ болуу керектиги айтылат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Гуля
Эн жугуштуу оору болсо эртенден баштап ишканалар мэрияга карагандар ишке саат 8 ден 17 ге чейин иштейсинер деп жатышат ? Ушул туурабы