Коронавирустан каза болгон медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдындан билдирди.
Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо уюмунун медициналык кызматкери Ж.А.Кокумбаеванын үй-бүлөсүнө 1 000 000 сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Мындан сырткары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу
фондунун депозиттик эсебинен 244 саламаттык сактоо уюмдун депозиттик эсебине апрель
айында эпидемия очокторунда иш алып барган медициналык кызматкерлерге
компенсациялык төлөмдөрдү төлөө максатында 105 миллион 400 миӊ сом каражаты
которулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн