Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 18:53
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирустан үч бейтап каза болду. Алардын бири дарыгер

03.06.2020 10:18
1369
Коронавирустан үч бейтап каза болду. Алардын бири дарыгер


Ош облусунда 59 жаштагы дарыгер коронавирустан каза тапты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-июндагы брифингде айтты.


“Коронавирустан 59 жаштагы биздин кесиптешибиз дарыгер физиотерапевт каза болду. Ал пневмония болгон бейтаптарды кабыл алып келген. Ал илдетти жуктуруп алып, дартты жеңе алган жок. Кесиптешибиздин өзүндө да оорунун белгилери болгон”,  - деди Үсөнбаев.


Ошондой эле Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 55 жаштагы бейтап, Нарын облустук ооруканасында 84 жаштагы адам каза болгон. Муну менен COVID-19дан каза болгондордун жалпы саны 20га жетти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн