Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирустан улам Париждеги эң чоң базар моргго айланат

03.04.2020 13:09
936
Коронавирустан улам Париждеги эң чоң базар моргго айланат


Франциянын Париж шаарындагы Ранжис базарын моргго айлантышат. Бул тууралуу Франциянын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, өлгөндөрдүн денесин сактоо үчүн Франциянын айыл-чарба базары бир бөлүгүн моргго берет. Бул кадамдарга коронавирус илдетинен көз жумгандардын санынын өсүүсүнөн улам барып жатышат. Мындай чечим буга чейин, 2003-жылы кургакчылык болгондо да көрүлгөнү айтылат.


Буга чейин, март айынын соңунда Испаниянын Мадрид шаарында соода борборлорунун биринин муз аянтчасы өлгөндөрдүн денесин сактоого колдонулары кабарланган эле.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн