Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:07
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирустан каза болгон 27 медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөндү, - министр

26.10.2020 13:42
770
Коронавирустан каза болгон 27 медиктин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөндү, - министр


Бүгүн, 26-октябрга карата саламаттыкты сактоо уюмдарынын 377 кызматкеринин ар бирине 200 миң сомдон бир жолку акчалай компенсация төлөндү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. 


Анын айтымында, учурда комиссиянын кароосуна саламаттык сактоо уюмдарынан 2000ге жакын документ келип түшкөн. 


"Мындан тышкары, каза болгон 27 медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 млн сомдон акчалай компенсация төлөндү. "Кызыл зонада" иштегендиги үчүн сентябрь айында 5241 медициналык кызматкер жалпы суммасы 71 миллион 671 миң 429 сом өчөмүндө компенсациялык төлөм алышты", - деди саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн