Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Стресске кабылбаш үчүн негативдүү маалыматтарды окубай, соцтармактардан оолак болуш керек, - психолог

03.08.2020 15:30
3318
Стресске кабылбаш үчүн негативдүү маалыматтарды окубай, соцтармактардан оолак болуш керек, - психолог


Өлкөдөгү кырдаалдан улам санаа тартып, дүрбөлөңгө түшкөн жарандар эмне кылышы керек? Бул боюнча “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине психолог Гүлмира Базарбаева айтып берди. 


Анын айтымында, пандемия маалында психологиялык жардам сурап кайрылган адамдардын саны өстү. 


"Жарандар мындай кырдаалга моралдык жактан даяр эмес эле. Жайбаракат жашап жүрүп, кокустан ооруга чалдыгып, жумушунан бошоп, үйдө отуруп калганы менен чоң стресске кабылышты. Өзгөчө июнь айынан баштап, оору күчөгөндө коронавируска чалдыккандарга, жакынын жоготкондорго психологиялык жактан оор болду. Мен алардын абалын абдан түшүнүп турам, анткени мен дагы туугандардын арасынан төрт адамдан айрылдым. Дагы эки тууганыбыз оор абалда жатат. Бирок, мындай кыйынчылыктарга карабай, адам өзүн таштап койбошу керек", - дейт психолог. 


Анын айтымында, коркуу сезими адамдын ички организмин алсыздатып, ооруга чалдыгышына шарт түзөт. 


"Биринчиден коркуп, дүрбөлөңгө түшпөш керек. Өзүнөн оорунун белгилерин издеп, ооруп калсам, балдарым же жакындарым эмне болот деп аша чаап санаага бата берүүгө болбойт. Коркуу сезими адамдын ички балансын бузат, адам оюн бир жерге топтой албай, колунан бардык нерселер түшүп, алагды болуп калат. Ошондуктан мындай сезимдерге жол бербеш керек", - дейт ал. 


Гүлмира Базарбаева мындай учурда эмне кылуу керектиги боюнча кеңештерин айтты.


"Адам өзүн-өзү сакташы керек. Негизгиси гигиенаны сактап, вирус жугуп калышы мүмкүн делген жайлардан оолак болуу кажет. Ошондой эле, конокко барууну токтотуу зарыл. Стресске кабылбаш үчүн негативдүү маалыматтарды окубай, социалдык тармактардан, интернеттен оолак болушу керек. Өзүнүн маанайын көтөрүш үчүн комедияларды көрүп, музыкаларды угуп, позитивдүү маалыматтарды гана окушу керек. Орто курактан өткөн адамдар күнүнө жок дегенде 40 мүнөт жөө басып, сейилдеши керек. Ал эми жаштар таза абада чуркаганы жакшы. Сөзсүз дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо зарыл. Медитация кылуу, китеп окуу абдан жакшы. Үйдө балдар менен ойноп, чогуу сүрөт тартып, көнүгүүлөрдү аткарган оң. Мындан тышкары туура тамактанып, иммунитетти көтөрүүгө, организмди күчтөнтүүгө жардам беришибиз керек", - деди адис. 


Гүлмира Базарбаева кошумчалагандай, учурда психологиялык жардам сурап кайрылган адамдардын саны кыйла өсүп, бир күндө орточо эсеп менен 10го жакын адам кеңеш сурап кайрылат.  

Пикирлер (30)

Коопсуздук коду
Сезим
Про100 инфаркт не избежно
Арс
Интернетте фейк жанылыктар аябай толуп кетти, окусан журогун ооруйт, кыргыз элим туура чечим кабыл алат деп ишенем !!!
Амир
Туура, жакшы ой - жарым ырыс!!!
Azamat Alymkulov
Истину глаголет
Аза
Истину глаголет