Нарын облусунда коронавирус илдетинен бир бейтап каза
болду. Бул туралуу 8-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун
басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Нарын облустук ооруканасында 67 жаштагы аял киши каза болду. Бейтап үйүндө дарыланып, 3-4чү жума дегенде кеч кайрылып калган. Кан басымы жогору болгон, мындан сырткары анемиясы болгон, көрсөткөн медициналык жардамдарга карабай ал илдеттен каза тапты”, - деди Үсөнбаев.
Муну менен республика боюнча COVID-19дан жалпы 23 бейтап каза болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн