Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бейтапканада орун жоктугунан коронавирусту үй шартында дарылоодобу?

18.06.2020 10:44
1290
Бейтапканада орун жоктугунан коронавирусту үй шартында дарылоодобу?


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-июндагы брифингде бейтапканаларда орун жетиштүү экенин жана коронавирусту белгилери жок алып жүргөндөрдү үй шартында дарылоону дүйнөлүк практиканы колдоону менен ишке ашырганын билдирди.


Симптому жокторду үй шартында дарылоо тууралуу негизи туура эмес түшүндүрүлүп жатат. Ооруну белгиси жок алып жүргөндөрдү кечээтен баштап үйлөрүндө көзөмөлгө алдык. Аларды үй шартында дарылайбыз же жөн гана көзөмөлгө алабыз. Бул бейтапканада орун жоктугунан эмес, дүйнөлүк практиканы колдону менен ишке ашырылууда. Симптому жокторго дарылоо мекемелеринде атайын дарылоо жүргүзүлбөйт, жөн гана байкоо жүргүзүлөт. Аларга үй шартында да катуу көзөмөл жүргүзүлүп, медицина кызматкерлери текшерип турат. Бейтаптар өзүлөрү да жоопкерчилик алат жана ИИМ кызматкерлери ал жерге жумушка тартылат”, - деди Үсөнбаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн