Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Коронавирусту дарылоо боюнча протоколдорду жаңылоо сунушу берилди

16.07.2020 07:56
1052
Коронавирусту дарылоо боюнча протоколдорду жаңылоо сунушу берилди


Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 15-июлда өлкөнүн саламаттыгын сактоо тармагындагы белгилүү адистер менен жолугушуу өткөрдү, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга медицина илимдеринин доктору, профессор, И.Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов, ДССУ эксперти Касымбек Мамбетов, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев жана башка бир топ адистер катышты.

 Алар өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча сунуштарын беришти.

Алар медициналык мекемелерди коронавирус инфекциясынын мүмкүн болуучу экинчи толкунуна даярдоо керектигин белгилешти.

Коронавирус инфекциясын дарылоого кычкылтек терапиясы менен жандандыруу бөлүмдөрү болгон клиникаларды кайра профилдештирүү, тез тургузулуучу конструкциялар менен жаңы ооруканаларды куруу керектигин айтып чыгышты.

Даректүү дарылоону күчөтүүчү илдеттин оор даражасына жараша бейтаптарды бөлүштүрүү үчүн борборлорду түзүүнүн актуалдуулугун баса белгилешти. Ошол эле маалда медициналык мекемелерге бейтаптарды кабыл алууда бош орундарды көрсөтүү менен ооруканалардын санарип картасын киргизүү дагы актуалдуу бойдон калууда.

Ошондой эле медициналык кадрлардын жетишсиздигине, медиктердин, анын ичинде “кызыл зонада” иштегендердин ден соолугун реабилитациялоо үчүн шарт түзүүгө көңүл бурушту.

Жолугушууда коронавирус инфекциясын дарылоо боюнча протоколдордун жаңыланышы керектиги, лабораториялык диагностикалык базанын кошумча кубаттуулугун камсыз кылуу жана жабдуулар менен дары-дармек каражаттарын сатып алууну оптималдаштыруу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, адистер учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин түйшүгүнө тийиштүү көңүл бурулбай, көптөгөн маселелердин баштапкы деңгээлдеги илимий изилдөөсү жетишсиз болуп жаткандыгына көңүл бурушту. Медицина адистери күндүзгү стационарларга оор абалдагы бейтаптар да түшүп жаткандыгына байланыштуу, аларды күнү-түнү иштөө режимине өткөрүү керектигин баса белгилешти.

Азыркы шарттарда илдетке чалдыккандардын санынын көбөйүшү табигый көрүнүш экени, бирок өлүмдүн санын азайтуу боюнча чараларды көрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулушу керектигин кошумчалашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина адистеринин пикирлерин угуп, алардын бардык сунуштары коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу мааниге ээ экенин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн