Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:13
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Коронавирусту кайталап жуктургандар жок, - Нурболот Үсөнбаев

27.04.2020 10:32
966
Коронавирусту кайталап жуктургандар жок, - Нурболот Үсөнбаев

 

Бүгүнкү күндө covid-19 инфекциясын кайталап жуктуруп алган учур катталган жок, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 27-апрелде онлайн брифингде.


Анын айтымында, азырынча андай учур болгон жок.


Ошондой эле ал суроолорго жооп берип жатып, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эпидемиологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканын, калктын ден соолугун камсыз кылууда дарыгерлер жетишпей калышы мүмкүн эместигин айтып, дарыгерлердин саламаттыгын коргоо боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги чараларды көрө турганын белгиледи.


Ошондой эле республикадагы ооруканалар бүгүнкү күндө пландык тартипте иштеп жатканын, эгерде экстрендик операциялар боло турган болсо, токтоосуз кабыл алына турганын айтты. Биздин ооруканалардын бардыгы кандай жардам керек болсо ошонун барын берүүгө даяр, деди орун басар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн