Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Коронавирусту кооптуу деп санабаган Бразилиянын президенти дүкөнгө чыгып элден жеме укту

11.04.2020 13:42
1093
Коронавирусту кооптуу деп санабаган Бразилиянын президенти дүкөнгө чыгып элден жеме укту


Бразилиянын президентти Жаир Больсонару COVID-19 пандемиясын кооптуу вирус деп эсептебейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, ал 10-апрелде дүкөнгө азык-түлүк алганы барып, андан кайтканда көчөдөгүлөр “үйүңө кет!” деп кыйкырышкан. Ал көп өтпөй эле, улуу курактагы аял менен мурдун сүрткөн колу менен учурашкан, аны бразилиялык Globo телеканалы тартып алган жана социалдык тармака тарап кеткен.


ал эми, Бразилиянын көптөгөн штаттары президенттин саясатын четке кагып, аймактарына карантин жарыялаган.


Маалыматка таянсак, Жаир Больсонару коронавирустун кооптулугун четке каккан 5 президенттин бири. Андан башка, Никарагуа, Беларусия, Тажикистана жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары апааттын кооптулугун четке кагып келет.


Бразиляда коронавирус илдетине 19 миңден ашык адам чалдыгып, алардан 1074 бейтап каза болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн