Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 05:45
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Коронавирусту "ойлоп тапкан" Арстан Алайды жабырлануучу сотко берди

17.03.2020 16:55
2317
Коронавирусту "ойлоп тапкан" Арстан Алайды жабырлануучу сотко берди


Теле алып баруучу жана тамада Урмат Асанбеков коомдук ишмер Арстан Алайды сотко берди. Арыз бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жолдонгон.  


Арстан Алай Абдылдаев мурда өткөргөн маалымат жыйында Кытайга коронавирусту жөнөткөнүн жарыялаган эле. 


Урмат Асанбаев өз кезегинде ушунун кесепетинен ишинен четтеп жатканын айтат. Анын айтымында, коронавирус дүйнөгө тарап жатат жана анын айынан Кыргызстанда азык-түлүккө болгон баа жогорулады. Мындай кырдаалга байланыштуу үй-бүлөлүк иш-чараларга, тойлорду өткөрүүгө тыюу салынды.


"Мунун натыйжасында иш-чараларды алып баруучулук ишимден ажырап, нравалык зыян тартып жатам", - деп жазат өз арызында.


Ал Арстан Алайдан 50 миң сом өлчөмүндө моралдык зыянын өндүрүп берүүсүн соттон суранды.


Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Дамир ман
Эмнеге элү миң сом ал эртең эле түгөнөт, көбүрөөк эле айтсаң болмок.
Ормон аксакал
бул вирус кыргызстанга келсе мен дагы берем сотко Арстанды себеби бул элдин алдыга чыгып айткан сөзү үчүн жооп бериш керек сөз деп эле сүйлөй берген болбойт
Тывар Курбаналиев
Туура кылат, Кытайды кырам деп кыргызды да түйшүккө салды бул Кудай