Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирусту симптому жок алып жүргөндөр дарылоого муктаж эмес, - Үсөнбаев

17.06.2020 10:40
1212
Коронавирусту симптому жок алып жүргөндөр дарылоого муктаж эмес, - Үсөнбаев


Коронавирус инфекциясын симптому жок алып жүргөндөр дарылоого муктаж эмес. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-июндагы брифингде билдирди.


Анын айтымында, илдетти белгиси жок алып жүргөндөргө атайын дарылоо талап кылынбайт.


“Биздин башкы максат башында илдет бар адамдарды аныктап, баарын стационарда дарылоо болчу. Буга чейин коронавирусту симптому жок алып жүргөндөрү да бейтапканага жаткырып, дарттын белгилери жок болуп кеткиче көзөмөлгө алганбыз. Бирок саламаттыкты сактоо тармагына күч келүү көбөйүп жатканын эске алып, жаңы алгоритм иштелип чыкты. Ага ылайык ооруну белгилери жок алып жүргөндөрдү үйлөрүндө дарылоону чечтик. Алардын артынан тыкыр көзөмөл жүргүзүлөт”, - деди Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн