Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирусту үчүнчү жолу жуктургандар барбы? Министрдин жообу

14.07.2021 16:37
925
Коронавирусту үчүнчү жолу жуктургандар барбы? Министрдин жообу

Коронавирусту үчүнчү жолу жуктургандар каттала элек. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.


"Кыргызстанда коронавирустун вакцинасын иштеп чыксак болобу? Коронавирусту кайталап жуктуруп алгандар болуп жатат. Үчүнчү жолу да жуктуруп алгандар барбы",- деди депутат Бурул Аманова.


"Вакцинаны иштеп чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Россиялык вакцинаны чыгарайлы деген план бар. Дары иштеп чыгуу үчүн Чүй облусунда жана Бишкек ЭЭАда завод бар. Алар жеке тараптарга таандык. Алар менен сүйлөшөбүз.


Ал эми коронавирусту кайра жуктуруп алгандар булар антителанын күчү жетпей калганда жугузуп жатат. Кыргызстанга коронавирус келгенине бир жарым жылдай болду. Ошондуктан бизде азырынча үчүнчү жолу жуктургандар катталган жок",- деди министр Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн