Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирусту жайылтпоо максатында кыдырып сурамжылоо жүргүзүү башталды

02.06.2020 09:10
1037
Коронавирусту жайылтпоо максатында кыдырып сурамжылоо жүргүзүү башталды

 

Коронавирус инфекциясын алдын алуу жана андан ары жайылтпоо максатында, ошондой эле Республикалык штабдын тапшырмасы боюнча короолорду кыдыруу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясына караштуу шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын директору Бактыгүл Исмаилова билдирди.

 

Анын айтымында, короолорду кыдыруу жашоочулардан сурамжылоо жүргүзүү тибинде болот. Кварталдардан, көчөлөрдүн улууларынан, турак жай жашоочуларынын активисттеринен турган бригадалар түзүлдү. Сурамжылоого медиктер дагы катышат.

 

Муктаждыктын келип чыгышы, адамдар ооруп, дене табы көтөрүлүп, дем алуусу кыйындап, жөтөлүп жатса да медициналык жардамга кайрылбай жатышат. Же болбосо, ооруган адамдар жумушуна барып, коомдук жайларда болуп, качан гана оорунун белгилери курчуй баштаганда 118 колл-борборуна чалышууда. Мобилдик бригадалар барган учурда айрым бейтаптардан ПЧР-тесттери оң болуп чыгып жатат. Бул сурамжылоо көчөлөрдү кыдыруу учурунда жашоочулардагы оорунун белгилерине жана квартиралардан телефон чалуу аркылуу түшкөн даттанууларына карата жүргүзүлүүдө", - деп белгиледи ал.


Б.Исмаилова маалымдагандай, дарыгерлер жашоочуларды сак болууга жана 118 колл-борборуна дароо чалууларын сунуш кылышат. Өз кезегинде медициналык кызматкерлерге короо-жайларга жана үйлөргө кирүүгө катуу тыюу салынат.


Сурамжылоону элдин каттоосу менен байланыштырууга болбойт.

Эл каттоо менен медициналык каттоону чаташтырбоо керек, тигил же бул аймакта канча бала эмдөөгө муктаж экендиги жана ушул учурда жашаган адамдардын саны канча экенин түшүндүрүлөрү белгилүү болот.
Учурда эпидемияга байланыштуу ал жүргүзүлбөйт", - деп кошумчалады Б.Исмаилова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн