Коронавирус илдетин жуктургандар өлкөнүн кайсыл аймактарынан экенин Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов айтты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 54, Ош облусунда 30, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 3, Ош шаарында 10, Бишкек шаарында 8, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2 адам инфекцияга чалдыккан.
Ал эми райондорго бөлгөндө төмөнкүдөй:
Жалал-Абад облусу:
Сузак району – 48;
Ала-Бука району – 3;
Аксы району – 1;
Кара-Көл шаары - 1;
Жалал-Абад шаары – 1;
Ош облусу:
Ноокат району – 9;
Кара-Суу району – 8;
Өзгөн району – 3;
Чүй облусу:
Москва району – 1;
Аламүдүн району – 2;
Сокулук району – 1;
Кант шаары – 1;
Ысык-Көл облусу:
Түп району – 2;
Баткен облусу:
Баткен району – 1;
Кызыл-Кыя шаары 2;
Нарын облусу:
Нарын шаары – 4;
Бишкек шаары – 8;
Ош – шаары 10.
Илдет менен катталгандардын жалпы саны 116 адам.
Ошондой эле, жаӊы тастыкталган учурлардын экөөсү сырттан келген жарандар, ал эми 3 адам ооругандар менен байланышта болгону айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн