Коронавирус инфекциясын жаңы жуктургандар коомдук транспортто жүргөнүн айтышууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 15-июндагы брифингде билдирди.
“Чоң эпидемиологиялык иштер жасалууда. Шаарга келгендер жана борбор калаанын тургундары санитардык-эпидемиологиялык абалдарды сактабай жатат. Бул болсо илдеттин курчуп кетүүсүн алып келет. Инфекциянын жаңы катталган 87 учурунун 64тү байланышта болгондор, 23 учурдун илдетти кайдан жуктурганы белгисиз. Коомдук транспорттордо жана башка жактарда беткап такпай жүргөндөр көбөйүүдө. Бири-бирибизди тартипке чакыра турган убакыт келди. Илдетти жаңы жуктургандар коомдук транспорт колдондук эле, коомдук жайларда жүрдүк эле деп айтышууда”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн