Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкери коронавирус
жуктуруп алганы аныкталды. Бул туралуу 8-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо
министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1 медиктен инфекция табылган.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 7 медкызматкер айыгып чыгарылды. Муну менен илдеттен сакайган медкызматкерлердин саны 282ге жетти.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 400 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн