Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:08
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 125 миңге жетти

13.03.2020 13:57
934
Коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 125 миңге жетти


Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюна, дүйнө жүзүндө коронавирус боюнча катталган учур 125 миң адамды түзөт, деп билдирди Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 13-мартта Бишкекте өткөн маалымат жыйында. 


Анын айтымында, Кытайда 8981 адам жуктуруп алган. Башка өлкөлөрдө жалпысынан 44 миңден ашык адам коронавирус менен катталган. Ал эми көз жумгандар 4603 адамды түзсө, Кытайда 3173 адам каза болду. Кытайдан тышкаркы өлкөдө каза болгондор 1440 адам.


"Жалпысынан 68 миң 324 адам айыгып чыкты. Учурда Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны күндөн күнгө азаюуда", - деди министр.


Бүгүнкү күнгө карата коронавирус тараган мамлекеттердин саны 117.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн