Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Коронавирустун 2-толкуну 90 пайыз ыктымал, деп болжоп жатышат

06.06.2020 15:22
1995
Коронавирустун 2-толкуну 90 пайыз ыктымал, деп болжоп жатышат


Японияда жугуштуу оорулар боюнча белгилүү врач катары таанылган Акихиро Сато коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун жайылышы 90 пайыз ыктымал деп болжоп жаткандыгын РИА “Новости” маалымдады. 


Бул толкун ушул күздө же кышында капташы мүмкүн. Июль же август айында башталышы да ажеп эмес. 


Эске салсак, буга чейин Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европадагы регионалдык кеңсесинин директору Ханс Клюге экинчи толкун сентябрь айында башталышы мүмкүн деп айткан.


Ошондуктан, “Чоң жыйырмалык” (G20) тобуна кирген өлкөлөр коронавирус пандемиясы менен күрөшүүнүн алкагында глобалдык саламаттыкты сактоо тармагына дарт аныктоо, вакцина табуу жана бейтаптарды дарылоо үчүн ортолуктан 21 миллиард доллардан ашык каражат бөлүү жөнүндө бир чечимге келишкендиги белгилүү болду. Мындай маалымат “Чоң жыйырмалыктын” расмий сайтына жарыяланды деп билдирди бүгүн, 6-июнда ТАСС агенттиги.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн