Бугу 09, 2024
Убакыт: 11:03
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коронавирустун 3-толкунуна ПЦР-тест, компьютердик томографиянын баасы арзандайт

12.04.2021 16:00
806
Коронавирустун 3-толкунуна  ПЦР-тест, компьютердик томографиянын баасы арзандайт

Коронавирустун болжолдонуп жаткан үчүнчү толкунунда жеке лаборатория менен медициналык борборлордо ПЦР-тест, компьютердик томография жана санариптүү R-графия арзандайт. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.


Биринчи вице-премьер Артём Новиковдун жетекчилиги астында Республикалык штабдын жыйыны өткөн.


Анда айтылгандай, жеке лабораторияларда ПЦР-изилдөө 2 300 сомдон 1 600 сомго түшөт, башкача айтканда, 30 пайызга арзандайт.


Айрым медициналык борборлордо компьютердик томография жана санариптүү R-графия 20 пайызга арзандады. Ошондой эле жеке медициналык жайлары күнү-түнү нөөмөт менен иштей турганы чечилген. Коронавируска чалдыккандардын дары-дармегинин баасын азайтуу да пландалып жатканы айтылат.
Новиков оорулууларга жана үй карантининде жаткандарга мониторинг начар болуп жатканын белгиледи. 13-апрелге чейин Саламаттык сактоо министрлигине баштапкы деңгээлдеги медициналык кызматкерлердин бейтаптарга жардам көрсөтүү алгоритмин иштеп чыгып, Бишкектин жана Чүйдүн 118 кызматы аркылуу психологдун консультациясын уюштуруу тапшырмасын берген.

Андан сырткары, министрлик бир жуманын ичинде ооруканаларда коронавирус менен ооругандарды каттоонун бирдиктүү электрондук реестрин киргизүүгө милдеттендирилди. Ошондой эле грант жана техникалык жардам аркылуу медициналык жабдуу сатып алып бүтүшү керек.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жанарбек шаменовн
Новиков кудайдын замыбы 1600 сому барлар Аман калат экен,анынар анализгеге эле да,кудай силерге кор кылбай эле кете Берген он