Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:43
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирустун белгилери байкалганда эмне кылуу керек? Министрликтин жообу

26.06.2020 14:51
1656
Коронавирустун белгилери байкалганда эмне кылуу керек? Министрликтин жообу


Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19 инфекциясынын белгилери пайда болгондо жарандар жана медицина кызматкерлери үчүн иш-аракеттердин эки алгоритмин бекиткендигин министрдин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифинг учурунда билдирген. 


Анын айтымында, алгоритмде эгерде жарандардын дене табы жогорулап, алсыз болуп, даам, жыт сезбей жатса жана башка симптомдор байкалса эмне кылуу керектиги жазылган.


Эгерде жарандар жогорудагы белгилерди өзүнөн байкаган болсо, анда үйдө болуп, үй-бүлө мүчөлөрүнөн обочолонушу керек (бир жолку бет кап тагынып, аны 2 саат сайын алмаштырып, колду жууп, өзүнчө идиш колдонуп, үйдү желдетүү керек). Андан соң, 118 номуруна же үй-бүлөлүк дарыгерге телефон чалып, билдирүү жөнөтүп, симптомдор тууралуу маалымат бериши шарт. 


Мындан тышкары дене табын, тамырдын согуусун, энтигүүнүн пайда болушун же күчөшүн, жөтөлдүн пайда болушун же күчөшүн көзөмөлдөшү керек. Ошондой эле, үй-бүлөлүк дарыгерге күн сайын аталган белгилер тууралуу маалымат берип турушу абзел. 


Симптомдук дарыланууда суусундукту (суу, чай, жемиш суусу) көп ичүү керек жана дене табы 38,5 градустан жогору болгон учурда «Парацетамол» же «Ибупрофен» дарыларын ичип, физикалык активдүүлүктү жетиштүү деңгээлде камсыздоо зарыл. Башка дагы өнөкөт ооруларды дарылоону улантуу керек. 


Ал эми чыйрыгып, жөтөл күчөп, дем кысылганда дарыгерге билдирүү зарыл. Дарыгер дарылоо ыкмасы жана зарыл болгон учурда ооруканага жаткыруу маселесин аныктайт. Коронавирустун белгилери байкалган учурда дүкөнгө баруу, көчөдө жана башка коомдук жайларда сейилдөө, конок тосуу сунушталбайт. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн