Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 10:21
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Коронавирустун белгилерин билбей жүргөн кызматкер 24 кесиптешине жугузган

30.05.2020 11:48
1107
Коронавирустун белгилерин билбей жүргөн кызматкер 24 кесиптешине жугузган


Коронавируска ишенбеген да жарандар бар, бирок бул инфекция тез убакытта жугуп, тарап кетишин эске салабыз, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.


Мисал келтирсек, борбордогу объекттердин биринде коронавирус жугузуп алган бир кызматкерде илдеттин симптомдору билинген эмес. Ал жумушка келип, иштей берген. Тилекке каршы, кыска убакыттын ичинде аны менен байланышта болгон 60 кызматкердин 24дө вирус тастыкталган”, - деди орун басар.


Андан сырткары, үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жугузган учурлар кездешүүдө. “Андыктан, ар бир адамды санитардык талаптарды так сактоого жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз”, - деди Н.Үсөнбаев.


Ал кошумчалагандай, бүгүн жаңы катталган 60 учурдун ичинен 52си байланышта болгондордун арасынан табылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн