Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 11:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Коронавирустун экинчи толкуну болбойт, вирус жарым жылдан кийин жоголот, - Вирусолог

05.06.2020 16:47
1249
Коронавирустун экинчи толкуну болбойт, вирус жарым жылдан кийин жоголот, - Вирусолог

Чехиянын Tilia Лабораториясынын жетекчиси жана коронавирусту изилдөө жаатындагы алдынкы вирусологдордун бири Соня Пекова эпидемиянын экинчи толкуну болбосун, инфекция жарым жылдан кийин жоголорун айтты.


“Мен экинчи толкуну болбойт деп ишенем. Биз вирусту толугу менен дарыладык. Мен бир гана дарттын белгисиз очокторунан сак болууга, айрыкча эпидемиологиялык абал начар өлкөлөрдөн кайтканда абайлоого чакырам. Мындан сырткары, биздин өлкөдө илдеттин биринчи толкуну болду деп айтуу деле кыйын. Толкун бул бардык жарандарды кучагына камтыганда болот. Эпидемиологиялык жактан алып караганда Чехияда толкун деп атай турган деле нерсе болгон жок”,  - деген вирусолог.


Ал ошондой эле соңку бир айда Tilia лабораториясы алган анализдерин биринен да коронавируска оң көрсөткүч чыккан эмес. Буга күбө катары  бир нече изилдөөлөр жана Nature, Bundeswehr журналындары чагылдырган материалдар далил болуп бере аларын айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн