Коронавирустун илдетинин эң көп кездешкен белгилери - бул кургак жөтөл, алсыздык жана дене табынын көтөрүлүшү. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб маалымдады.
Республикалык штабдын эскертүүсү:
- Ден соолугуңузду тобокелге салбаңыз!
- Адамдар көп чогулган жерлерге барбаңыз!
- Үйдөн өтө зарыл болгон учурда гана чыгыңыз!
- Беткап тагынуу тартибин, аралыкты жана гигиена эрежелерин так сактаңыз!
Кыргызстанда 30-июнга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 279 учуру катталды. Муну менен республика боюнча жалпы 5296 учур болду. Ал эми каза болгондордун жалпы саны - 57.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн