Коронавирус илдетинин күчү жайлап жатат, апрель айында оорунун таралышы басаңдашы мүмкүн. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги россиялык окумуштуу, профессорлордун болжолдоолоруна таянып билдирди.
Алардын айтымдарында, эң оор абал АКШ, Италия, Испанияда болуп жатат. Ал эми Кытайда эпидемиянын ооздукталып жатканын билдирүүдө.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 724,4 миң адам жуктурган, алардын 34 миңи каза таап, 152си оорудан айыгып кеткен.
Пикирлер (2)