Коронавирустун туу чокусу Кыргызстанда 2021-жылдын февраль-март айына туш келет. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Бүгүн, 1-декабрда вице-мэр Айжан Чыныбаева пресс-конференция берип, коронавирустун туу чокусу боюнча азыр да иликтөөлөр жүрүп жатканын айтты.
"Тойго барсаңыздар да маска тагуу сиздердин милдет. Ошондой эле, ата-энеңиздерди сактаңыздар, анткени алардын ооруп калуу тобокелчилиги жогору", - деди Чыныбаева.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн