Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:29
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Коронавирустун вакцинасы Казакстанда чыгат

17.11.2020 16:47
627
Коронавирустун вакцинасы Казакстанда чыгат

Россиянын коронавируска каршы вакцинасын Казакстанда өндүрүү максатында президент Путин менен Токаев сүйлөштү. Бул тууралуу 16-ноябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус менен күрөшүүгө арналган жыйында билдирди.


"Орус вакцинасын өндүргөн завод куруу боюнча Россия президенти менен келиштик. Өкмөт ушул долбоорго инвестиция тартуу үчүн сүйлөшүүлөрдү баштады",- деп билдирди казак эл башы. 

Казакстанда Россиянын кайсы вакцинасы өндүрүлөрү так айтылган эмес. 


Буга чейин Орусия өзүнүн «Sputnik V» ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында президент Владимир Путиндин кызы, ошондой эле Коргоо министри Сергей Шойгу да бар. Бирок Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Россиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз экенин текшерүү үчүн сыноонун үчүнчү этабы маанилүү болорун айтып келишкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн