25-майга каратат коронавирустун жаңы катталган 30 учурунун он экиси сырттан келгендер. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
“Жаңы катталган 30 учурдун он экиси сырттан келгендерден аныкталды. Алардын он бири Россиядан, дагы бир учур Өзбекстандан келген адамдан табылды. Алар менен он үч киши байланышта болгон”, - деди Үсөнбаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн