Коронавирустун жаңы түрү Түркияда да катталды. Бул тууралуу түрк саламаттык сактоо министри Фахреттдин Кожа билдирди.
Маалыматка ылайык, Түркияда катталган 15 жаран Улуу Британиядан учуп келген.
Эске салсак, коронавирустун жаңы түрү алгач Уулу Британияда катталып бүгүнкү күндө дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнө жетти. Мындан улам бир топ мамлекеттер Улуу Британия менен болгон байланыштарын токтоткон. Анын ичинде Түркияда бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн