Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Коронавирустун жаңы түрү 70 пайыз жугуштуу. Лондонду тургундар таштап кетүүдө (ВИДЕО)

21.12.2020 08:48
1429
Коронавирустун жаңы түрү 70 пайыз жугуштуу. Лондонду тургундар таштап кетүүдө (ВИДЕО)

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Британияда коронавирустун азыркыдан да жугуштуу болгон жаңы түрү катталганын кабарлады.


ДССУнун маалыматына таянсак, Улуу Британиядан башка мамлекеттерде коронавирустун жаңы түрү менен он бир учур катталды.

"Инфекциянын жайылышы интенсивдүү болуп, кеңири тарап жаткан Европа мамлекеттери көзөмөл жана алдын алуу чараларын күчөтүшү керек" деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Вирустун мутацияланган түрү менен Данияда тогуз, Нидерланд менен Австралияда бирден учур катталды.


Коронавирустун мутацияланганы тууралуу маалыматтарга байланыштуу Батыштагы бир нече өлкө Британия менен байланышын чектеп жатат. Азырынча мындай кадамга Австрия, Бельгия, Италия жана Нидерланды барды. Германия, Австрия, Израиль жана Франция да Англия менен болгон каттамдарды чектөөнү пландаштырууда.


Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 19-декабрда өлкөдө табылган коронавирустун жаңы түрү азыркыга салыштырмалуу 70% жугуштуу деген божомол бар экенин билдирген.


Расмий маалыматка караганда, Британияда коронавирустун жаңы түрү миңден ашык кишиден аныкталды.


Лондондо жана өлкөнүн түштүк-чыгышында вирустун жайылышына каршы чаралар күчөтүлдү. Буга байланыштуу көптөгөн шаардыктар нааразылык билдирип шаардан чыгып кетүү аракетин көрүүдө.




Буга чейин вирустун жаңы түрү тууралуу Түштүк Африканын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн