Бугу 09, 2024
Убакыт: 07:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Коронавирустун жаңы түрү Украинада да катталды

22.12.2020 09:47
556
Коронавирустун жаңы түрү Украинада да катталды

Улуу Британияда жана башка бир катар Европа өлкөлөрүндө аныкталган коронавирустун жаңы түрү Украинага  да жетти. Бул тууралуу чет өлкө басылмалары жазып чыкты.


Инфекциялык дарыгер Виктор Петровдун айтымында, анын Чехияга иштегени барып турчу бейтаптарынын бири коронавирустун  жаңы түрүн  жуктуруп, айыккан.


Буга чейин Роспотребнадзор Европада табылган коронавирустун жаңы мутациясы нейтралдуу деп билдирген. Саламаттыкты сактоо министрлиги россиялык адистер бул түрдү изилдөө үчүн чет элдик кесиптештер менен байланышта деп ишендирди.


Коронавирустун коркунучтуу мутациясы сентябрь айында Улуу Британияда табылган. Бүгүнкү күндө жаңы штаммды жуктуруп алган миңге жакын учур аныкталды. Мутация Дания, Нидерланды жана Түштүк Африкадагы бейтаптарда дагы аныкталган. Жаңы жана өнүгүп келе жаткан респиратордук вирустардын коркунучтары боюнча Британиянын консультативдик кеңеши коронавирустун бул варианты тезирээк жайылып баратканын билдирди.


Россияны кошкондо 20дан ашуун өлкө Улуу Британия менен транспорттук байланышын токтотконун жарыялады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн