Бугу 12, 2024
Убакыт: 11:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Коронавирустун жаңы түрүнүн алдын алуу боюнча тапшырма берилди

25.12.2020 14:02
510
Коронавирустун жаңы түрүнүн алдын алуу боюнча тапшырма берилди

Мамлекеттик тармактык органдар аркылуу Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын киришине жол бербөө боюнча чаралар кабыл алынууда. Аталган маселени кароо жыйынтыгы боюнча Республикалык ыкчам штаб тийиштүү коопсуздук чараларын камсыздоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.


Жооптуу мамлекеттик түзүмдөргө башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары, анын ичинде түз транспорттук байланыштарга ээ болгон мамлекеттер менен  коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышы, аны диагностикалоо жана дарылоо маселелери боюнча, ошондой эле ага өз учурунда жооп кайтаруу жана калктын коопсуздугун камсыздоо максатында тыгыз аракеттешүүсү тапшырылды.


Чек араларда санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана башка коопсуздук чараларын көзөмөлдөө күчөтүлдү.


Республикалык штабдын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча, тармактык органдарга үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин саламаттык сактоо мекемелериндеги медикаменттер жана тамак-аш боюнча кредитордук карыздарга жол бербөө жана аларды максималдуу жабуу максатында саламаттык сактоо уюмдарынын чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн