Коронавирстун жеңил учурлары менен бейтапканага кайрылгандар ооруканага жаткырылбайт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
“Биз жеке унааңар менен бейтапканага алып келгиле дегенден бери, өз алдынча кайрылуулар көбөйдү. Жеңил учурлар жана оорунун белгилери жоктор жаткырылбайт. Андыктан түшүнү менен кабыл алгыла. Силер кайрылган күндө да алгоритмге туура келбесе жаткырылбайт”, - деди Каратаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн