Коронавирус жуктуруп алган адам орозо тутса болобу? Бул суроонун жообун "Вести.кг" КМДБнын кызматкери Бактияр Токтогазы уулунан алган.
Анын айтымында, кандай гана оорулуу адам болбосун орозо тутуу боюнча биринчи дарыгер менен кеңешип көрүш керек.
"Рамазан айында оорулуу адамдар орозо тутуусу милдеттүү эмес. Алгач дарыгер менен кеңешип көрүү керек. Эгер дарыгер ден соолукка коркунуч жаралат десе, дарыланып андан кийин орозо тутууну уланта берсе болот. Мындан сырткары, орозодо мусулмандарга уруксат болгон кандай вакцина алса боло берет",- деп жооп берген КМДБнын кызматкери.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн