Бир сутка ичинде өлкө боюнча 27 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-майдагы брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 5, Ош шаарында – 15 жана Нарын облусунда – 7 ак халатчандан инфекция табылган.
Ал эми стационарлардан 4 медкызматкер сакайып чыкты. Муну менен жалпы 247
медкызматкер стационарлардан айыккан.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 326 учур катталды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн