Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Коронавирус жок дегендер дем жетпей, жашоо көзүнө көрүнгөндө билет, - бейтаптын маеги (видео)

20.05.2020 16:18
2394
Коронавирус жок дегендер дем жетпей, жашоо көзүнө көрүнгөндө билет, - бейтаптын маеги (видео)


Республикалык штаб коронавирус илдетин жуктуруп алган бейтаптардын акыбалын сурап жүргөн дарыгердин видеосун таркатты.


Анда илдетти жуктуруп алгандар, дени сактар оорунун бар экенине ишенбегени менен, коронавирус чынында эле бар экенин, мындай ооруну эч кимге каалабастыгын айтышкан. 


Бейтаптын айтымында инфекцияны иштеп жүрүп жуктуруп алган. Ал 11-майдан бери дарыланып жатат, бул убакыттын ичинде жандандыруу бөлүмүндө да жатып чыккан.


“Коронавирус бар, кудай жалгап Кыргызстанда аз катталганы болбосо, илдет чыккан жердегилер жаман оору экенин билет. Дем жетпей, жашоо көзүнө көрүнгөндө билет. Ошондуктан сак болгула, беткап кийип, колуңарды тазалап тургула. Бул тамашалаша турган оору эмес, жашында, карысында карабайт экен. Кечээ күнү рентгенге бардым, жаш эле бала баса албай жүрөт”, - деген вирусту жуктуруп алган адам.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн