Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 02:27
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

COVID-19га чалдыккан канча медик компенсация алды? Министрликтин жообу

21.05.2020 11:27
847
COVID-19га чалдыккан канча медик компенсация алды? Министрликтин жообу


Коронавирустан каза болгон дарыгерге гана 1 миллион сом бөлүнүп берилген. Бул тууралуу 21-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


Анын айтымында учурда иликтөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен гана калган медиктер компенсация ала алышат.


“Бүгүнкү күндө да медицина кызматкерлери коронавирус илдетин жуктуруп алган учурлар катталып жатат. Бул жаатта Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан чоң комиссиялык топ түзүлгөн. Учурда катталган 270 учурдун баарын иликтеп, карап чыгышат. Компенсацияга бөлүнгөн каражат кемитилбей турат, керек болсо Өкмөт дагы бөлүп берет. Жумуш учурунда жуктурдубу же башка жактан алып келгенин бүгүнкү күндө иликтеп жатат”, - дейт Үсөнбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн