Саламаттыкты сактоо министрлигинин айтымында, Новосибирскидеги лабораторияга жөнөтүлгөн анализдер Кыргызстанда британ, индиялык, түштүкафрикалык жана орусиялык штаммдар бар экенин тастыктады.
Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусологиялык
лабораториясы анализдерди Орусиядагы вирусология боюнча "Вектор"
институтуна 26-мартта жөнөткөн. Мекемеде тереңдетилген филогенетикалык изилдөө
жүргүзүлөт жана вирус кандай өзгөрүп жатканын аныкташат. Буга чейин Улуттук
вирусологиялык лабораториясы өлкөдө коронавирустун мутацияланган түрү бар
экенин белгилеп, бирок кайсыл штаммдар экенин тактап жатышканын белгилешкен.
Өлкөдө 24 сааттын ичинде 380 адам вирусту жуктурду, беш киши каза тапты. Вируска кабылгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары (246). Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды санитардык эрежелерди жана социалдык аралык сактап, беткап кийип жүрүүгө чакырды.
Британ штаммы эмнеге дарыгерлерди тынчсыздантууда?
Үч жагдай бир учурда катталып жатканы көптөрдү кооптондурууда:
- Вирустун жаңы түрү кеңири жайылып, коронавирустун мурдагы түрлөрүн алмаштырууда;
- Вирустун маанилүү делген бөлүгү мутацияланды;
- Лабораториялык изилдөөлөр вирустагы өзгөрүүлөр адамдын клеткаларына тез жайылууга мүмкүнчүлүк берерин аныктады.
Британ штаммы өткөн жылы сентябрь айында аныкталган. Ноябрда Лондон шаарында коронавируска кабылгандардын төрттөн бири анын жаңы түрүн жуктурган. Декабрдын ортосунда бул көрсөткүч жогорулап, Лондондогу бейтаптардын үчтөн экиси жаңы вируска кабылганы белгилүү болгон.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон вирустун жаңы түрү жетимиш пайызга тезирек тарап жатышы ыктымал экенин жар салды. Бирок бул көрсөткүчкө айрым окумуштуулар кошулбайт.
Вирустун мутацияланышы тууралуу эмне белгилүү?
Алдын ала анализге ылайык, вирустун жаңы түрүндө 17 маанилүү өзгөрүү байкалган. Биринчиден, вирустун айланасындагы найзадай (тажыдай) болгон протеиндер өзгөрдү. Коронавирус дал ушул протеиндердин жардамы менен адамдын клеткаларына жугат.
N501Y аттуу мутация вирустун найзаларын өзгөрттү. Бул аркылуу коронавирус адамдын клеткаларына тезирек жабышып, жайылышы ыктымал.
Андан тыкшары H69/V70 аттуу мутацияда вирус найзадай болгон протеиндерин өзгөрткөн. Бул жагдай мурун дагы байкалган эле. Окумуштуулар бул өзгөрүүдөн улам организмдеги антитулкулар вирус менен натыйжалуу күрөшө албай каларын айтууда. Дал ушул жагдай изилдөөчүлөрдү тынчсыздантууда.
Вирустун жаңы түрү кайдан пайда болду?
Бир топ өзгөргөн вирус алсыз иммундук системасы бар бейтаптан пайда болушу ыктымал. Бул бейтаптын организми вирус менен күрөшө албай койгон. Анын организми вирустун мутацияланган түрүн көбөйтүүгө өбөлгө түзгөн.
Вирустун жаңы түрү күчтүрөөк деп айтууга далил жок. Ага карабастан, анын тез жайылып жатканы чоң маселе жаратууда. Вирус көбүрөөк кишиге жукса, көп сандагы бейтаптар ооруканага кайрылууга муктаж болот. Бул жагдай өлүм-житимдин санын дагы жогорулатышы ыктымал.
Вакцина вирустун жаңы түрүнө туруштук бере алабы?
Ооба, вакцина вирустун жаңы түрү менен күрөшөт. Азыр колдонулуп жаткан вакциналар иммундук системаны вирустун найзадай болгон протеиндери менен күрөшүүгө үйрөткөндүктөн, вакцина натыйжасыз болот деген пикир пайда болду.
Вакцинанын жардамы менен иммундук система протеиндин бир нече жерин чабуулга алат. Вирустун найзадай болгон протеиндери өзгөрсө дагы вакцина башка жолун таап, вирусту жок кыла алат.
Кембриж университетинин профессору Рави Гупта болсо вирус "вакцинаны айланып өтүү жолун" издеп жатканын айтат. Бирок ал үчүн вирус бир топ өзгөрүшү керек. Бул келечекте көйгөй болушу ыктымал.
Эгерде вирус мутация аркылуу эмдөөдөн өткөн бейтапка жугуу жолуп тапса, вакцинаны дагы улам өзгөртүп туруу зарыл болот. Мисалы, сасык тумоо вакцинасы жыл сайын жаңыланып турат жана колдогу вакцинаны өзгөртүү оңой.
Булак: bbc.com
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн