Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 15:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Коррупционер-олигархтарга сунуш: байлыгыңардын 80-90 пайызын мамлекетке кайтарбайсыңарбы?!

06.07.2020 11:13
1040
Коррупционер-олигархтарга сунуш: байлыгыңардын 80-90 пайызын мамлекетке кайтарбайсыңарбы?!

«Адам өмүрү хрусталь сыяктуу, ал күтүүсүздөн сынып калышы мүмкүн» деп улуу ойчулдардын бири айткан экен. Мунун чындыгына бүгүнкү күндө күбө болуп жатабыз. COVID-19 пандемиясы ааламды алаканына салып алып, каалаганындай калчап туру. Адам баласынын мындай пандемия алдында алсыздыгы билинди, анын салааларынан адам өмүрлөрү «жылт» эткен жылдыз сыңары учуп жок болууда.


Бул дүйнө менен кош айтышаарын сезип калган адам акыркы секундаларында эмнени ойлонушу мүмкүн? Өмүр менен өлүмдүн ортосу ийин тийишкендей жакындыгын, көз ирмемчелик гана убакыт экенин ойлонсо керек. Туулгандан тарта акыркы секунддарына чейинки өмүрү чагылгандын огундай эле бир «жарк» этип кеткенин айткысы келсе керек. Аттиң, бирок аны ошол акыркы секунддарына жетелек адамдарга түшүндүрүү өтө кыйын деп түтөйт чыгаар.


Коронавирус илдети менен тең жарыша пневмония (өпкөнүн сезгенип оорусу) оорусу да пайда болду. Мына ушул эки илдеттен акыркы суткаларда 30-40тын тегерегинде адам өмүрү кыйылууда. Жаркырап жакшынакай эле жүргөн адамдардын каза болуп калып жатканын угуп, элибиздин эси эки болуп турат.


Элден айланса болот. Жалпыбыздын башыбызга оор күн түшүп турганда, карапайым адамдар да бири-бирине жардамга кол сунуп отурат. Кошунасынын абалына кайдыгер карабай жардам берип жаткандар бар. Таптакыр тааныбаган эле адамдарга да жардамга кол сунгандар чыгып жатат. Күнү-түнү тынбай иштеп, калктын саламаттыгы үчүн кам көрүп жаткан дарыгерлерге ысык тамак уюштуруп берип жаткандар жүрөт. Жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алууга каражат топтогон ырчыларыбызды көрүп жатабыз.


Ошол эле убакта Кыргызстандагы алдыңкы байлардын катарын толуктаган, экс-чиновниктер да каржылык жактан колдоо көрсөтүп жатышканын маалымдашууда. Ооба, мындай күндөрдө жардамга берилип жаткан ар бир тыйын маанилүү. Бирок, 29 жылдан бери элдин эсебинен байыган, мамлекетти сызга отургузууга салым кошуп, өзүн олигархка айлантып алган саясатчылар, экс-чиновниктер, учурдагы чиновниктер өлүм менен өмүрдүн ортосу көздү ачып жумганчалык гана убакыт экенин бир эстерине алып койсо деген ой келет. Кабат-кабат хансарайлар, алтын-күмүш, бриллианттар, жапжаңы жолтандабастар, таңгак-таңгак акчалар адам өмүрүнө кепилдик бере албайт экенин билишсе. Ашып-ташыган байлык адамга бактылуулукту да тартуулай албай турганын түшүнүшсө. Бактылуулук – жакындарыңдын, үй-бүлөңдүн жана элиңдин тынч жашоосу, оору-сыркоодон алыс болушу, бакубат жашоосу экенин аңдашса.


Бул дүйнөдө олигарх болуп, алтындан жалатылган унитазга отуруп жүрсө да, аркы дүйнөгө жылаңач гана бара турганын баары билет. Бул дүйнөдө элдин эсебинен, мамлекетти сызга отургузуу менен жыйнаган көр дүйнөлөрү үчүн аркы дүйнөгө барганда сурак берет.


Коронавирус оорусу адамдын бай-кедейине карабай турганын көрсөтүүдө. Демек, ойлоно турган убакыт келди. Элдин эсебинен байыгындар оффшорлорго, банк ячейкаларына каткан миллиондорун, миллиарддарын алып чыгып, мамлекетибизден кара тумоонун батыраак кетишине жумшай турганы учуру болуп турат. Ошондо алар өздөрүнүн абийиринин алдында да, Жараткандын алдында да тазаланып алат эле. Элден уурдагандарынын 5-10%ын гана кайра садака сыяктуу «мына менден жардам» дегендери тазаланууга жол ачпайт. Элден чыгып кала электеринде байлыкты басып жаткан олигархтар эртерээк эстерине келишкени туура. Эгер ар бир олигарх катып жаткан байлыктарынын 80-90%ын алып чыгып, кайра элге берсе, бул Жаратканга жага турган иш болот. Калктын саламаттыгына камкордук көрүүгө толук шарттар түзүлөт. Ошондо гана баарыбыздын жан дүйнөбүзгө кайрадан тынчтык орноп, бактылуу жашоого багыт алабыз.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн