Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:20
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Коррупционер президенттердин азабын адилеттүү иштеген инсандар тартпашы керек

03.12.2020 10:12
513
Коррупционер президенттердин азабын адилеттүү иштеген инсандар тартпашы керек


2-декабрь күнү Конституциялык кеңешменин жыйынына катышкан саясатчы, Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Азимбек Бекназаров Конституциядан экс-президент статусу боюнча норманы алып салуу керек деген пикирин айтты. Анын айтымында экс-президенттерге көрүлгөн камкордуктар жана жеңилдиктер үчүн мамлекеттик бюджет өтө чоң чыгымдарды тартат экен.


Биринчиден, 30 жылга чукулдаган көз карандысыздыгыбыздан бери карай Кыргызстанды беш президент башкарды, акыркы айлардагы президенттин милдетин аткаруучуларды кошпогондо. Бирок, ошол беш президенттин учурда экөөсү гана экс-президент деген статуска ээ. Экөөсү өлкөдөн качып кеткен. Бирөөсүнө кылмыш иштери козголгон. Андыктан экс экс-президенттерге көрүлгөн камкордуктар жана жеңилдиктер бюджетке өтө чоң чыгымдарды алып келип жатат дегенибиз туура болбойт калат.


Экс-президент статусу дүйнө өлкөлөрүнүн дээрлик басымдуу бөлүгүндө бар. Айрымдарында гана экс-президенттерге жеңилдиктер каралган эмес. Мисалы, Германияда мурдагы канцлер өзгөчө артыкчылыктарга ээ эмес, кол тийбестиги да жок. Бирок, Кыргызстан тыгыз кызматташкан мамлекеттердин баарында экс-президенттердин камкордугу, жеңилдиктери каралган.


Мисалы, стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык, экс-президент мамлекеттин эсебинен кайтарууга алынат. Транспорт, туруктуу жашоочу жай менен камсыздалат. Активдүү ишмердүүлүгүн улантуу үчүн атайын жабдылган кызматтык имараты менен чогуу жардамчылардын аппараты болот. Атайын поликлиника жана ооруканалар болот. Мамлекеттик дачалардын бири өмүрүнүн аягына чейин берилет жана ошондой эле президенттин окладынын 75%ын өмүрүнүн аягына чейин алат.


Ири державалардын бири болгон АКШда экс-президент пенсиясынан сырткары федералдык министрдин оклады менен бирдей каражат алып турат (айына). Мамлекеттин эсебинен экс-президент жана анын үй-бүлө мүчөлөрү кайтарылат. Жеке архиви, катчылыгы, кеңсеси да мамлекеттин эсебинен камсыздалат.


Коңшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда да экс-президентке ушул сыяктуу эле артыкчылыктар берилет. Өзбекстанда алтургай экс-президент көз жуумп, анын өмүрлүк жары жесир калса, ага да жеңилдиктер каралган.


Демек, экс-президент статусун Конституциядан алып салуу менен өзүбүздүн өнөктөш мамлекеттердин арасында айырмаланып туруунун кажети жок. Болгону мамлекет башына келген адам коррупциядан алыс болуп, таза жана акыйкат иштеп бериши керек. Ал эми коррупцияга малынып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштерди жасаган болсо, анда Жогорку Кеңеш аркылуу экс-президент статусу алынып, андан кийин кылмыш жоопкерчилигине тартыла берет. Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн салым кошуп, уурдабай, тонобой таза иштеген президенттер коррупцияга аралашкан президенттердин айынан экс-президент статусунан ажырабашы керек.


Сагынбек Сатыкеев


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн