Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:16
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Коррупция азгырыгы жаш-карыны ылгабайт

21.05.2021 10:04
1641
Коррупция азгырыгы жаш-карыны ылгабайт

«Бийликке жаштар келсин!» деген лозунгдун акырындык менен күчү тая баштады окшойт. Көрсө, бийлик бутактарына жаштарды алып келип коюу менен эле бардык маселе чечилип калбайт экен. Коррупция жоюлуп, акыйкаттык орноп, кой үстүнө торгой жумурткалап калбай турганын түшүнгөнсүп калдык. Ишенген жаштар деле мамлекеттик жогорку кызматта отурган абалынан пайдаланып, эртерээк байып алуунун амалын жасай беришет тура. Албетте, бардыгы эмес, бирок аз дагы эмес болуп жатат.


Кечээ 20-майда дайындалганына эки гана апта болгон Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири суммада пара талап кылууга шектелип УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Атайын кызматтын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиеванын айтымында Азамат Дыйканбаев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк компаниядан келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн пара талап кылган деп шектелүүдө. Талап кылган акчасынын суммасы 2 миллион 600 миң сом экени да белгилүү болду. Ошентип ал райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынды. Баса, бул экс-министр болгону 35 гана жашта.


Ошентип «Министрлер кабинетинде жаштар да көбүрөөк орун алды» деп кубанып турган коомчулуктун илебин Дыйканбаевдин жоругу заматта муздатып отурат.


Мындан сырткары, мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы, 48 жаштагы Жылдыз Нурматова да 22 700 АКШ доллары суммасындагы акча каражатын кызматтык абалынан пайдалануу менен мыйзамсыз алып алганы айтылды. Муну да УКМК билдирди.


Мынакей, илебине нан быша турган жаштардын мамлекеттик жогорку кызматтарда туруп жасаган иштери. Демек, жаш болсо эле ал коррупцияга аралашпайт, кызматтык абалынан кыянат пайдаланбайт деп айтуу туура эмес экенин түшүндүкпү?


Экинчиден, акыркы убакта коррупцияга каршы күрөш чындыгында байкаларлык жүрүп жатат. Бирок, коррупцияга айыпталгандарды адегенде камап, анан алар «кусуп» жиберсе кайра чыгара берүү менен коррупцияны жоюп жиберүү мүмкүн эмес экени да билине баштады. Коррупционерлерге карата мындай мамиле «Ала берейин, эгер билинип калса кайра «кусуп» салам» деген позицияны карманышына жол ачып салат окшойт.


Эгерде бул күрөштө өтө катаал жоопкерчилик каралса, анда буга чейинкилердин алган жазасын көрүп, кийинкилер коррупцияга аралашуудан коркуп калат эле. Андыктан коррупцияны жоюу үчүн ага каршы системалуу күрөш жүргүзүү зарылчылыгы келип чыкты. Мамлекетке келтирген зыянын да кайтарып, ошол эле убакта эркиндигин да чектеген чаралар көрүлүшү керек экен. Темир тор артында отуруп алып, мамлекеттик кызматты жеке өзүнүн байып алуусуна пайдалануу өмүрүнүн канча бир бөлүгүн уурдап кетерин түшүнүшү маанилүү. Коррупциялык жол менен тапкан мүлктөрү токтоосуз мамлекетке өткөрүлүшү шарт. Ошондо гана жаңы коррупционерлердин пайда болушуна жол тосулат. Болбосо «алып, кайра берип коюу» жолу менен кутулуу коррупцияны гүлдөтүп гана жиберчүдөй.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн