Бугу 04, 2024
Убакыт: 07:16
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Коррупция беренеси боюнча эскирүү мөөнөтүн алып салуу сунушталды

13.12.2023 12:53
143
Коррупция беренеси боюнча эскирүү мөөнөтүн алып салуу сунушталды


Алдамчылык менен жемкорлордун кылмыш иши боюнча эскирүү мөөнөтүн алып салуу каралууда. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окуудан өттү.

Бул Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелерине тиешелүү:

- "Алдамчылык" (209);

- "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" (210);

- "Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк зыян келтирүү" (235) ;

- "Коррупция" (336).


Долбоордо материалдык зыяндын ордун толтурбаса ишти кыскартууга да жол бербөө сунушталган.


Демилгечи депутат Ырысбек Атажанов бир жылда эле алдамчылык боюнча 20,5 миң арыз түшөрүн айтты. Ал эми шылуундар бир аз убакытка чет өлкөгө качып кетип кутулууда.


ЭСке салсак, учурда зыяны азыраак болсо 2 жыл, кесепети оор деп бааланса 10 жылдан кийин мындай иштерди жасаган кылмышкер жоопко тартылбайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн