Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Коррупция боюнча эң көп кылмыш иши козголгон түзүм Транспорт министрлиги

21.05.2020 13:14
987
Коррупция боюнча эң көп кылмыш иши козголгон түзүм Транспорт министрлиги


Прокуратура органдарына болгон эл арасындагы ишеним бүгүнкү күндө биз каалагандай эмес, деп билдирди башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып.

Биз прокуратура органдарына эле эмес, бардык мамлекеттик структураларга эл арасындагы ишеним боюнча анализ жасайбыз. Кайсы тармакта ишеним кандай экенин билебиз. Учурда прокуратурага болгон ишеним дагы биз ойлогондой эмес”, - деди ал.

Өткүрбек Жамшитов билдиргендей, коррупция боюнча эң көп кылмыш иши козголгон - бул Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, андан кийин Билим берүү жана илим министрлиги, үчүнчүдө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы турат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн