Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 07:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Коррупция өзүңдү да, өлкөңдү да оңкодон саят

24.08.2021 15:51
2292
Коррупция өзүңдү да, өлкөңдү да оңкодон саят


Коррупция өзүңдү да, өлкөңдү да оңкодон саят. Эки өлкөнүн жапжаңы мисалы:


15-августта дүйнөлүк коомчулук тааныган Ооган өкмөтү “Талибанга” оңой багынды. Президенти качты. Мунун эң негизги себебин коррупция деп атышат.


АКШ 2001-жылдан бери ооган аскерлеринин курал-жарагы, машыгуусу ж.б. үчүн 88 млрд доллар бериптир. Жылына орточо 4,4 млрд. Бул Кыргызстандын эки жылдык бюджетинен да көп сумма.


Бирок жардамдын көбү сол чөнтөккө кетиптир. Кантип? Бир мисал, “желсолдаттар”. Заманбап Ооганстанды иликтөө борборунун эксперти Никита Мендкович бери дегенде 20% жашоодо жок, отчетто гана бар “желсолдат” болгонун айтат деп жазды “Азаттык”. Бу коррупцияга албетте катардагы командирден генералга, министрге, а түгүл президентке чейин аралашкан. Америкалыктардын да изи болушу толук мүмкүн. Аягы эмне болду? Күжүрмөн дух өлүп, көп аскер качып кеткен. Чиновниктер бийликтен куулуп, саткын аталышты. Эли шорлоду.


Экинчи мисал, 2018-жылы Арменияга барып тартып келген элем. Убагында Коргоо министринин орун басары, анан парламентте депутат болгон Манвел Григорян Карабахтагы аскерлерге деген техника, курал-жарак, жүз миңдеген доллар акча, солдаттардын тамагынан бери кымтып алган экен. Анын баары дачасынан табылган. Генерал-лейтенант камактан о дүйнө кетти. Бу бир эле мисал. Аягы эмне болду? Армяндар бир топ жыл ээлеп турган Карабахтын басымдуу бөлүгүн Азербайжанга алдырышты.


Бул бир эле аскер коррупциясынын натыйжасы. Кайсы гана тармак болбосун жемкордук, уурулук – элди курутат, мамлекетти соолутат. Коррупцияга каршы жапа тырмак күрөшүүбүз керек. Коомдук көзөмөл, журналисттик иликтөө эң эффективдүү курал. Кайдыгер болбой, “стукачтык” деп ойлобой, тууганым деп болушпай, кылмыш фактылары кылкылдап турса да "эл уулу" деп тырышпай, журналисттерге көмөк көрсөткүлө.




Али Токтакунов, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн